1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

24

«Тилим – байлыгым, сыймыгым» аттуу маданий кече

Окуу жайыбыздын жамааты үчүн улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана улуу муундардын салтын улантуу ар дайым артыкчылыктуу багыт болуп келет. Ушул багытта, 2026-жылдын 20-февралында КТ-1-24 тайпасынын студенттери тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө (21-февраль) арналган «Тилим – байлыгым, сыймыгым» аталышындагы маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз тилинин байлыгын, эне тилдин ар бир адамдын жашоосундагы ордун жана маанисин даңазалоо, ошондой эле студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү болду.

Салтанаттуу кечеде улуттук өнөрдүн шаңы үстөмдүк кылды. Студенттер тарабынан улуу «Манас» эпосунан үзүндүлөр чебердик менен аткарылды, комуздун кооз обондору чертилип, эне тилдин сыймыгын чагылдырган ырлар жандуу үндөр менен аткарылды.

Белгилей кетчү жагдай, иш-чаранын маңызын тереңдеткен бөлүк – ар улуттун өз эне тилдеринде куттуктоо сөздөрүн айтуусу болду. Бул көп улуттуу мамлекетибиздеги ынтымактын, достуктун жана ар бир элдин тилине болгон урмат-сыйдын айкын көрүнүшү катары бааланды.

Мындай иш-чаралар жаш муундун руханий дүйнөсүн байытып, алардын улуттук дөөлөттөргө болгон сый-урматын арттырат.