1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

65

"Котормо иши" студенттик конкурсунун жыйынтыктоо күнү

19-февраль күнү Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыкты жүзөгө ашыруу максатында филология институтунун кыргыз тил жана адабияты кафедрасынын «Мамлекеттик тил» ийриминин жетекчиси улуу окутуучу Каленбекова Гүлбарчын Тайырбековнанын жетекчилиги менен уюштурулган «Б.Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексиндеги институттар аралык «Котормо иши» студенттик сынагыны жыйынтыкталды.

Конкурстун калыстар тобу: кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу Шерипбаев Амангелди – калыстар тобунун төрагасы, мүчөлөрү Конфуций институнун директору Шакирова Мавлюда, орус тили кафедрасынын улуу окутуучусу Алимаматова Динара, кафедранын окутуучусу Имаралы к. Назбийке. Калыстар тобу «Котормо иши» боюнча берилген үй тапшырмаларды конкурсанттарды ишин карап чыгып, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды.

1-орун “Эң мыкты котормо” номинациясы менен Юк-2-25 тайпасынын студенттери – Калыков Шайырбек, Алибаева Азиза;

2-орун “Эң мыкты үн” номинациясы менен  Юк-3-25 тайпасынын студенттери– Нуралиев Элзар, Адылова Мээрим;

3-орун “Креативдүү мамиле” номинациясы менен ФМББ(М)-1-25 тайпасынын студенттери – Анаркулова Нурайым, Шакирова Акмоор,

4-орун    ТИББ(Б)-1-25 тайпасынын студенттери – Жоробаев Жавохир, Надырбекова Асель ээ болушуп, 2-турга жолдомо алышты.

“Котормо иши” боюнча бардык катышуучуларга Филология факультетинин директорунун атынан Ыраазычылык каттары тапшырылды. Калыстар тобу ийрим жетекчиси Г. Т. Каленбековага жана катышкан студенттерге ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарын билдиришти.