1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

1

“Мамлекеттик тил” ийрими “Котормо иши” конкурсун уюштурду

18-февраль күнү “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Гүлбарчын Каленбекова “Мамлекеттик тил” ийриминин иш планына ылайык институттар аралык “Котормо иши” аталышындагы (филологиялык эмес багыттардагы адистиктердин студенттеринин арасында) конкурсун уюштурду. Иш-чаранын  максаты студенттердин котормочулук чеберчилигин арттыруу, кыргыз тилинин сөз байлыгын байытуу жана санариптик технологияларды (дубляж, монтаж) колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү. Конкурстун 1-туруна иституттардан келген 1-курстардын студенттери келишти. Иш-чараны кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Г.К. Бакирова сөз сүйлөп, ийримдин ишине жана катышуучу конкурсантарга ийгиликтерди каалады.

Ийрим жетекчиси Г.Т. Каленбекова котормо ишине коюлган талаптар менен тааныштырды. Конкурстун 1-этабы “Үй тапшырмасы” боюнча катышуучулар катталып, орус тилиндеги анимациялык фильмдер чүчүкулак тартылып (3 мүнөттүк үзүндүлөр) таркатылды. 2-этабы боюнча “Негизги иш”  анимциялык фильмдердин тексттин орус тилинен кыргыз тилине которуп, редакциялап жана дубляж жасоо үчүн үйлөрүнө берилди.

Конкурска Э. Уметов атындагы ПИден П-1-25, ТИББ(Б)-1-25 жана ФМББ(М)-1-25 тайпасы,  Агрардык-техникалык институтунан ЭС-1-25, ИЭТ-1-25 тайпасы, Экономика жана укук институтунан Юк-2-25, Юк-3-25 тайпаларынан студенттери катышты.

 Г. Каленбекова өз сөзүндө бүгүнкү күндө котормочу – бул жөн гана бир тилден экинчи тилге которгон адам эмес. Бул эки башка маданияттын, эки башка дүйнө таанымдын ортосундагы алтын көпүрө. Сиздер ошол көпүрөнү кура турган усталардан экендигин белгилеп өттү.