1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

24

Окутуунун интерактивдүү методдордун пайдалануу менен студенттердин таанып-билүү активдүүлүгүн өнүктүрүү

 2026-жылдын 17-февраль күнү ЖАМУнун филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын «Усулчу» ийриминин жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Кочорова Гүлүмкан Осмоновна окутуунун инновациялык -технологиялык методдорун  үйрөтүү жана жайылтуу боюнча тренинг өткөрдү.

Стандарттуу жана классикалык билим берүү системасынан айырмаланып, бул системада балдардын индивидуалдык сезими өнүгүп, социалдык, аналитикалык ой жүгүртүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана эффективдүү мамиле түзүүгө ээ болот.

Бүгүнкү иш-чарага 30 студент катышты. Интерактивдүү-инновациялык  окутуунун метод, ыкмаларын жана платформаларын сабак учурунда  кантип пайдалануунун жолдорун үйрөнүштү.

Кт-22-тайпасынын студенти, ийримдин мүчөсү Орунбаева Бегимай “LearningApps”  деген жаңы платформаны ийримдин мүчөлөрүнө көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Кт-24 тайпасынын студенттери, ийримдин мүчөлөрү Абдуллаева  Арууке “WORDWOLL”, Шерова Муслима “BAMBOOZLE” платформаларын сабак учурунда кантип пайдалануунун жолдорун көрсөтүштү.

Ийримдин мүчөлөрү жаңы маалыматтарды үйрөнгөндөрүнө ыраазычылык билдиришти.