1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Ырды жандай көрөмүн, Ыр дегенде өлөмүн. (Барпы)

17-февраль күнү Филология институтунун У.Абдукаимов атындагы жаштардын “Майдан” аттуу чыгармачыл ийрими  “Ырды жандай көрөмүн, Ыр дегенде өлөмүн”, - аттуу кезектеги иш-чарасын өткөрдү. Ийримдин жетекчиси А.Шерипбаев чыгармачыл студенттерге ыр жазуунун техникасы, түмөн түйшүгү, жалпы эле чыгармачылык тууралуу ой бөлүштү. Айрыкча, көркөм окууну колго алуу менен, адабий сын материалдарды да көп окууну сунуштады. Андан кийин ийримдин мүчөлөрү ар бири өздөрүнүн төл чыгармаларын окушту жана ой-пикирлерди, сын-сунуштарды айтышты.

Кт-1-22 тайпасынын студенти Өсөрова Чынарбү – “Сагыныпмын атыр жыттуу айлымды”, Кт-1-23 тайпасынын студенти Ачылбек уулу Нурзаман “Сен деги кандай жансың?”,  Кт-1-25 тайпасынын студенттери Айгүл Батырбекова “Атамды эскерүү” сыяктуу ырларын көркөм окуу менен өзгөчөлөндү.

Студенттер айрым ырлар тууралуу авторлорго өздөрүнүн сын пикирлерин айтып, ийгиликтерди каалашты.