1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

31

 Ооган согушунун тарыхый тактары

                13-февраль күнү Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын Кт-1-22  тайпасында советтик аскерлердин Ооганстандан чыккандыгынын 37 жылдыгына арналган “Ооган согушу - интернационалистик  парз” аттуу куратордук   ачык тарбиялык саат өттү.  Куратор А.Шерипбаев Ооган согушунун келип чыгуу себептери, ошол учурдагы компартия менен капиталисттик системанын ортосундагы тиреш, Ооган өлкөсүндөгү  боюнча кеңири маалыматтарды алышты.

Тайпанын студенти Абдумуталипова Айтурган Ооган согушу боюнча слайд аркылуу маанилүү маалыматтарды айтып берди.

Кыргызстандан Ооган согушуна 1979-жылы 7400 жоокер барган. Алардын ичинен  300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Мунун ичинен Ош аскер комиссариатынан (Ош, Баткен, Жалал-Абад) 4200 жоокер жана офицер барып, 18и кайткан эмес. Төрт жоокер дайынсыз жоголгон. Ооган согушуна катышкан жоокерлердин көпчүлүгү кайтып келгенден кийин, согуштан алган психологиялык     стресстен («афган синдрому») улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калган. Кантсе да советтик аскерлер өздөрүнүн интернационалисттик парздарын аткарышкандыгын баса белгилешти..

Жыйынтыгында куратордук саатка катышкан окутуучулар да  да Ооган согушу тууралуу өз ойлору менен бөлүшүп,  куратордук сабак жыйынтыкталды.