1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

Ооган ардагерлер күнүнө арналган куратордук саат

2026-жылдын 16-февраль күнү кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу У.Омурзакова  КТ-1-25 тайпасы менен Советтик аскерлердин Ооган жергесинен  чыгарылгандыгынын 37 жылдыгын белгилеп, куратордук саат өткөрдү. Ооган жергесиндеги согуштун ардагерлерин эскерүүгө арналган тарбиялык сааттын максаты — жаш муунга патриоттук рухту, мекенге болгон сүйүүнү жана тынчтыктын баалуулугун жеткирүү болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер Ооган согушунун тарыхына кыскача токтолушуп, ардагерлердин эрдигин даңазалаган видеоматериалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле катышуучулар баатырлардын эр жүрөктүүлүгү, мекенге берилгендик сыяктуу инсандын ыйык сапаттары тууралуу ой бөлүшүштү.

Иш-чара жыйынтыгында студенттер “Тынчтык — ар бир адамдын эң чоң баалуулугу” деген жыйынтыкка келишти.