1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

27

2026-жылдын 13-февралында өткөн адаптациялык-педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу  конференция

КТ-1-24 тайпасынын адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциянын негизги максаты - студенттердин практика учурундагы ишмердүүлүгүн талдоо, жетишкендиктерди баалоо жана алынган тажрыйбаларды жалпылоо болду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер төмөнкү багыттар боюнча баяндамалар жасашты: Билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жыйынтыктары; Окуучулар менен жүргүзүлгөн тарбиялык жана уюштуруучулук иштер; Байкоо жүргүзүү жана анализдөө иштери; Кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору.

Студенттер практика учурунда мектеп чөйрөсүнө адаптациялануу, педагогикалык этика нормаларын сактоо, окуучулар жана мугалимдер менен туура мамиле түзүү сыяктуу маанилүү көндүмдөргө ээ болушканын белгилешти. Ошондой эле алар теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө олуттуу тажрыйба топтогонун айтышты.

Практика жетекчилери ар бир студенттин ишмердүүлүгүнө баа берип, сунуш-пикирлерин билдиришти. Кафедра башчысы жана институттун директору студенттердин активдүүлүгүн белгилеп, келечекте педагогикалык чеберчиликти мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын баса көрсөтүштү.

Студенттер практика аркылуу алган билимдерин тереңдетип, болочок кесиптик ишмердүүлүгүнө ишенимдүү кадам таштоого мүмкүнчүлүк алышты.