1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

154

Адаптациялык практика: Болочок педагогдордун алгачкы ийгиликтери

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунда билим алып жаткан студенттер мектеп босогосун аттап, алгачкы кесиптик тажрыйбаларын топтоп жатышат.

Жакында эле Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу, практика жетекчиси Гүлбарчын Каленбекова №27 З. Бакиров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде болуп, КТ-1-24 тайпасынын студенттеринин адаптациялык практикасынын жүрүшү менен таанышты. Бул практиканын башкы максаты – студенттерди мектептин ички чөйрөсүнө көндүрүү, окуу-тарбия иштеринин методикасын үйрөтүү жана теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга багыт берүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында студенттер Калмаматова Айбийке жана Калмаматова Жасмина 6-класстардын окуучуларына кызыктуу жана маанилүү темаларда тарбиялык ачык сааттарды өткөрүштү. Тактап айтканда, Айбийке 6-“а” классында “Китеп – билим булагы” деген темада окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырса, Жасмина 6-“б” классында “Жолдо жүрүүнүн эрежелери” аттуу сабагы аркылуу балдарга коопсуздук эрежелерин оюн жана сахналык көрүнүштөр аркылуу жеткиликтүү түшүндүрүп берди.

Тарбиялык сааттарга мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Г. Тавалдиева жана практика жетекчиси, тажрыйбалуу мугалим Сабира Акпаралы кызы катышып, студенттердин даярдыгына жогору баа беришти. Мектеп жамаатынын жакындан берген көмөгү жана методикалык кеңештери студенттердин педагогикалык чеберчилигин калыптандырууда чоң роль ойноду.

Адаптациялык практиканын талаптарына ылайык, студенттер сабакты пландаштыруу, окуучулар менен тил табышуу жана аудиторияны башкаруу сыяктуу маанилүү көндүмдөрдү көрсөтө алышты. Мындай иш-чаралар болочок мугалимдердин кесипке болгон сүйүүсүн арттырып, өз алдынча иштөөсүнө ишенимдүү жол ачат.