1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

29

Жумуш ордунда окутуу

2026-жылдын 3-февраль күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Көчөрова Гүлүмкан Осмоновна Манас шаарындагы №19 Иманалы Сатыбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин 8-класстын окуучуларына жана Кт-24 тайпасынын практиканттарына жумуш ордунда окутуу боюнча “Орто мектепте кыргыз тилин окутуудагы компетенттүүлүк мамиле” деген темада сабак өтүп келди.

          Практиканттар жана окуучулар үчүн абдан кызыктуу сабак болду. Интерактивдүү-инновациялык технологиялардын жардамы менен азыркы учурдун талабы болгон окутуунун жаңы платформаларын пайдаланып, окуучулардын  жана практиканттардын сабакка болгон кызыгуусун артырды. Студенттер менен окуучулар ыраазычылык билдирди.