1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

86

Кыргыз тилинин тарыхы жана түрк тилдеринин арасындагы кыргыз тилинин орду

 Манас ШИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Айтимбетов Чынгыз Сурановичтин, Манас ШИИБдин кадрлар боюнча орун басары милициянын подполковниги Далбаева Нургүл Абдылашимовнанын чакыруусу менен Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун доценти Айтмамат Оморов мамлекеттик тил болгон тилибиз тууралуу "Кыргыз тилинин тарыхы жана анын түрк тилдеринин ичинде алган орду" деген темада Манас ШИИБдин жамаатына кеңири баяндама жасап берди. Баяндамасында доцент А.Оморов кыргыз тилинин тарыхы биздин заманга чейинки мезгилдерден баштала тургандыгын аргументтүү фактылар менен, ар тараптуу темадагы слайддар аркылуу тартип сакчыларына айтып берди. Улуу лексикограф М.Кашгари Барсканинин "Дивану лугати-т түрк" эмгегиндеги кыргыздар, алардын салт-санаасы, тутунган дини, өткөргөн турмушу, чарбачылыгы тууралуу жазып калтырып кеткен маалыматтарга да кеңири токтолду. Баяндаманы угуп, баяндаманын мазмундуулугун белгилеп, Манас ШИИБдин жамааты ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн адиси Ү.Т.Кайкыева мамлекеттик тилдин бардык чөйрөдө өз функциясын кандай деңгээлде аткарып жаткандыгына токтолуп, жетишкендиктери менен көйгөйлөрүн ачык айтты. Жардам керек болсо, биргелешип иштөөгө чакырды.