1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

Адаптациялык-педагогикалык практикага жиберүү алдындагы конференция

2026-жылдын 23-январында КТ-1-24 тайпасынын студенттерин адаптациялык-педагогикалык практикага жиберүү алдындагы конференция өткөрүлдү.

Конференцияга кафедра башчысы, практика жетекчилери жана КТ-1-24 тайпасынын студенттери катышышты. Иш-чаранын негизги максаты - студенттерди алдыдагы адаптациялык-педагогикалык практикага даярдоо, практиканын максаты, милдеттери, мазмуну жана өткөрүү тартиби менен кеңири тааныштыруу болду.

Конференциянын жүрүшүндө кафедра башчысы студенттерге практика педагогикалык ишмердүүлүктө маанилүү этап экенин белгилеп, жоопкерчилик менен мамиле кылуунун зарылдыгын баса көрсөттү. Практика жетекчилери практиканын программасы, күнүмдүк иш-пландарды түзүү, отчеттук документтерди даярдоо, билим берүү мекемелериндеги ички тартипти сактоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти.

Ошондой эле студенттерге практиканын жүрүшүндө мугалимдер жана окуучулар менен иштөө маданияты, педагогикалык этика, сабакка даярдануу жана байкоо жүргүзүү ыкмалары боюнча методикалык сунуштар айтылды. Конференциянын аягында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Бул конференция студенттердин адаптациялык-педагогикалык практикага сапаттуу даярданып, теориялык билимдерин практикалык иш-аракеттер менен бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чара болуп эсептелет.