1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

36

Түрк элдеринин мыкты студенти

2025-2026-окуу жылындагы жетишкендиктери үчүн Б.Осмонов атындагы “Жалал-Абад мамлекеттик университетинин” окуу өндүрүштүк комплексинин  Филология институтунун КТ-1-22 тайпасынын студенти Орунбаева Бегимай Казакстандын “Bilim-orkenieti” Улуттук инновациялык илим изилдөө борбору жана “Жаңы Казакстан” республикалык  инновациялык борбору тарабынан уюштурулган “Түрк элдеринин мыкты студенти” аттуу эл аралык кароо сынакка катышып, 1-даражадагы диплом, төш белги, күбөлүк жана эн белги менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи борборубуз Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын Кыргыз-казак адабияттары бөлүмүндө тапшырылды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы китепканасынын "Абай"атындагы Кыргыз-казак борборунун жетектөөчү адиси Соноева Майрам Ыскаковна тапшырды.