1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

30

ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫН ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТОО

        2025-жылдын 26-декабрында филология институтунун магистратура бөлүмүндөгү кыргыз тили жана адабияты профилинин ФББ(КТ)маг-1-24 тайпасынын магистранттары үчүн илим-изилдөө практикасын жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Магистранттар бекитилген окуу планына ылайык үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан 20-декабрына чейинки аралыкта илимий-изилдөө практикасында болушуп, илимий иштерин аткаруунун үстүндө иш алып барышты. Конференцияны ачуу сөзүндө кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент Г.К.Бакирова программа менен тааныштырып, практиканын жүрүшүндө илимий жетекчилердин иштерин белгилеп, практиканын өз мөөнөтүндө жыйынтыкталып жаткандыгын билдирди. Жыйынтыктоочу конференциянын алкагында магистранттар практика учурунда аткарган илимий иштери боюнча атайын даярдалган презентацияларды тартуулашты. Илим изилдөө практикасынын бул этабында магистранттар илимий иштеринин планы боюнча иш алып барышкандыктарын жана илимий макалаларын даярдашып, басмага сунуштоого жетишкендиктерин билдиришти. 

Иш-чаранын жүрүшүндө магистранттардын илимий жетекчилери доценттер Г.К.Бакирова, Э.Г.Хурибаева, Д.М.Чокоева, Д.И.Алтаева жана улуу окутуучу А.Р.Шерипбаевдер алардын изилдөө иштериндеги кесиптик жоопкерчиликтери жана илим изилдөө методологиясын өздөштүрүү деңгээлдерине токтолуп, өз пикирлерин билдиришти. Жетекчилер тарабынан изилдөө иштерин андан ары өркүндөтүү боюнча баалуу сунуш, пикирлерин айтышып, магистранттардын изилдөөчүлүк жөндөмдөрүнө, жасап жаткан аракеттерине оң бааларын беришти. Конференциянын соңунда магистранттардын практикалык ишмердүүлүгү жогору бааланып, алардын келечектеги илимий иштерине ийгиликтерди каалашты.