1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

47

КТ-1-24 тайпасында «Кош келдиң, Жаңы жыл!» аттуу майрамдык кече өттү

2025-жылдын 24-декабрында филология институтубузда өзгөчө шаңдуу маанай өкүм сүрүп, КТ-1-24 тайпасынын студенттери тарабынан уюштурулган «Кош келдиң, Жаңы жыл!» аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Кеченин программасы өтө мазмундуу жана креативдүү даярдалып, келген конокторго чыныгы майрамдык маанай тартуулады.

Иш-чаранын өзгөчө жасалгасы катары студенттердин аткаруусундагы оригиналдуу номерлер болду. Алсак, студенттер белгилүү «Кавказ туткуну» киносундагы каармандардын образын чеберчилик менен чагылдырып, алардын бийин бийлеп беришти. Бул номер көрүүчүлөрдүн өзгөчө алкышына татыды. Ошондой эле, программанын жүрүшүндө таланттуу жаштар обондуу ырларды созуп, кызыктуу оюндарды уюштурушту.

Майрамдык кечеге чакырылган башка кафедранын окутуучулары да четте калбай, алыскы Англия, Америка өлкөлөрүнөн келген конок катары өз каалоо-тилектерин англис тилинде билдиришти. Мындай куттуктоолор кечеге өзгөчө дем берип, жагымдуу атмосфера түздү. Башка окутуучулар да куттуктоо сөздөрүн айтышып, студенттерге жаңы жылда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалашты. Жалпысынан, КТ-1-24 тайпасынын бул кечеси жогорку деңгээлде уюштурулуп, ынтымактын жана чыгармачылыктын майрамы катары эсте калды.

Жалпы жамаатты жана студенттерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жаңы жыл ар бир үйгө бакыт, ийгилик алып келсин!