1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

41

Институттар аралык жат жазуу жана көркөм окуу сынагы

«Б.Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасындагы «Мамлекеттик тил» ийрими Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык  "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолунун алкагында кыргыз элинин жарандык аң-сезимин калыптандырууда, өлкөнүн өнүгүшүндө, улуттук маданияттын сакталышында мамлекеттик тилдин орду, мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана коомдук турмуштун бардык тармактарында дайыма колдонулушуна кам көрүү максатында Э. Уметов атындагы педагогикалык институту менен экономика жана укук институтунун 1-курсунун студенттеринин арасында  жат жазуу жана көркөм окуу сынагы өткөрдү.

         Сынактын жүрүшүнүн 1-турунда жат жазуу жаздырылды. Жат жазууну  ийрим жетекчиси

Г.Т. Каленбекова уюштуруп, жалпы 13 студент катышты. Жыйынтыгында 8 студент 2-турга жолдомо алды.

          Көркөм окуу конкурсун кафедра башчысы доцент Г. К. Бакирова сөз сүйлөп ачып берди. Анда калыстар тобунун мүчөлөрү кафедранын профессору И. Абдувалиев, улуу окутуучу У. Омурзакова, окутуучу Г. Кудайкулова  дайындалып, таланттуу студенттердин көркөм окуу чеберчилигин баалап беришти.

         Жыйынтыгында Э. Уметов атындагы ПИнин 1-курсунун П-1-25 тайпасынын студенти Авабакирова Д. 1-орун, экономика жана укук институтунун Юк-3-25 тайпасынын студенти Кожомбердиева Ж. 2-орун,  3-орунду П-1-25 жана Юк-3-25 тайпаларынын студенттери  Алимжанова Г. Бегалиева Н. ээлешип, кийинки университеттик деңгээлдеги конкурска уруксат алышты.