1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

37

Кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыгы

2025-жылынын 19-декабрында Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда КТс-1-21, КТс-2-21 тайпаларынын студенттеринин 11 жумалык кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Жыйынга кафедра башчысы, практика жетекчилери жана студенттер катышты.

Бул конференциянын негизги максаты - студенттердин кесиптик-профилдик практика учурунда алган тажрыйбаларын, көндүмдөрүн, практиканын натыйжаларын системалаштыруу жана илимий-практикалык негизде коргоо. Ар бир студент өзүнүн практика учурунда аткарган иштери, билимин колдонуу мисалдары, практика учурунда келип чыккан кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору боюнча баяндама жасашты.

Студенттердин презентациялары көргөзүлүп, практика жетекчилери тарабынан практиканын методологиясы, натыйжалуулугу жана кесиптик компетенциялар боюнча пикирлер талкууланды.

Практика жетекчилери студенттердин профессионалдык көндүмдөрүн колдонуудагы активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана практикада алынган теориялык билимди колдоно билгендигин жогору баалашты.

Бул конференция - студенттер үчүн теория менен практиканы айкалыштырып, келечектеги кесиптик карьерасына күчтүү старт берүүчү маанилүү этап болду.