1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

43

Дуалдык окутуу алкагындагы ачык саат

Жалал-Абад шаарындагы №21 Ж.Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде дуалдык окутуу программасынын алкагында кыргыз тили сабагынан ачык саат өткөрүлдү. Сабакты Абдумуталипова Айтурган Бейшебековна 10-класстын окуучуларына «Кыргыз адабий тили жана жергиликтүү диалектилери боюнча жалпы маалымат» деген темада өттү.

Ачык сааттын жүрүшүндө окуучулар кыргыз адабий тилинин өзгөчөлүктөрү, анын коомдогу орду жана жергиликтүү диалектилердин тил байлыгын өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты. Сабак интерактивдүү ыкмалар менен өтүп, окуучулардын кызыгуусун арттырган талкуулар, суроо-жооптор уюштурулду.

Сабакка кафедра тарабынан дайындалган насаатчы Г.Кудайкулова катышып, өтүлгөн ачык саатка оң баасын берди. Ал мугалимдин сабакты уюштуруудагы методикалык чеберчилигин белгилеп, дуалдык окутуунун теория менен практиканы айкалыштыруудагы маанисине токтолду.

Бул иш-чара дуалдык окутуу программасынын алкагында болочок адистердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.