1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

"Билги" интеллектуалдык таймашынын жыйынтыгы

4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө, 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата 12-декабрь күнү "Манас" эпосу жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолунун алкагында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев тарабынан салтка айланган"Билги" интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Билим таймашы үч баскычтан түзүлгөн.

 1-баскыч: “Манас” эпосу боюнча 10 суроо берилди. Суроолор Б.Жакиев түзгөн “Манас” кыргыздардын баатырдык эпосу” китебинин негизинде түзүлгөн

 2-баскыч: Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси, “Ак кеме” повести, “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде 10 суроо берилди.

3-баскыч: “Манас” эпосу боюнча 10 ребус түрүндөгү суроо, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча 10 ребус түрүндөгү суроодон туруп, жалпы 40 суроо берилди.

            Интеллектуалдык таймашка институттардан, колледждерден 13 команда катышып, натыйжасында Филология институтунун Кт-1-24 тайпасынын “Феномен” командасы 46 упай топтоп 1-орунга, ушул эле институттун Кт-1-23 тайпасынын “Каганат” командасы 39,5 упай менен 2-орунга,  Педагогика институтунун “Мурас” командасы 36 упай менен 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө дипломдор, катышуучулардын баарына ыраазычылык каттар тапшырылды жана таймаштын жүрүшү, шарттары боюнча сын-сунуштарды кабыл алып, кийинки айланпага кызуу даярдык көрүү керек экендигин “БИЛГИ” таймашынын уюштуруучусу, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев билдирди.