1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

Бүтүрүүчүлөр менен НББПны талкуулоо

550300 Филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профили боюнча бакалаврды жана магистрди даярдоодо билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан негизги билим берүү программасын Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын жамааты жана бүтүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте талкууланды.

Иш-чарага төмөнкү билим берүү мекемелеринин мугалимдери  катышты: Сузак районунун И.В.Мичурин атындагы №9 жалпы билим берүүчү орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сатыбалдиева Гулбарчын Тойчубаевна, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун жалпы билим берүү циклынын окутуучулары Тажибаева Динара, Нурмаматова Шайыргүл, Сузак районунун №85 Ынтымак атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Оморова Насиба, Сузак районунун №57 Саты жалпы билим берүүчү орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Асранкулова Фарида Абдимомуновна, Тагаева Кулпинай Миродиловна катышышты.

Кафедра башчысы, доцент Г.К. Бакирова быйылкы окуу жылына ылайык иштелген билим берүү программасынын өзгөчөлүктөрү, компетенттүүлүккө негизделген мамиленин ролу жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча маалымат берди. Бүтүрүүчүлөр программаны өркүндөтүүгө багытталган пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында негизги билим берүү программасын жакшыртуу боюнча биргелешкен чечимдер кабыл алынды.

Негизги билим берүү программасынын максаты жана милдети – кыргыз тили жана адабияты боюнча терең билимге, педагогикалык жана изилдөөчүлүк көндүмдөргө ээ компетенттүү адистерди даярдоо. Программа тил жана адабият боюнча фундаменталдык билим берүүгө, заманбап окутуу технологияларын колдонууга, практикалык жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилде баарлашуу маданиятын калыптандырууга, улуттук баалуулуктарды сыйлоону бекемдөөгө жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн камсыздоого багытталат.