1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

 Ибраим Абдувалиев - К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Ардактуу профессору

   "Б.Осмонов атындагы ЖАМУ" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин профессору, ф.и.д. Ибраим Абдувалиев ушул жылдын 8-декабрында Манас шаарындагы  К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде  12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "Чыңгыз Айтматовдун мурасы - улуттук сыймык, дүйнөнү таануу" аттуу адабий тегерек столго катышты. Иш-чара ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасы тарабынан уюштурулду. Кадырлуу мейман филология илимдеринин доктору, ЖАМУнун профессору Ибрагим Абдувалиевге илим-билимге сиңирген эмгеги, зор жеке салымы үчүн К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Филология илимдеринин доктору, профессору Ибраим Абдувалиевди К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Ардактуу профессору наамына ээ болгондугу менен чын дилибизден куттуктайбыз.