1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

73

Эне тил - улут уңгусу

Филология факультетинин Кт-1-22 тайпасында 14-декабрь күнү 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата  “Эне тил – улут уңгусу” деген темада ачык тарбиялык саат өтүлдү. Дүйнөлүк тилдер тууралуу жалпы маалыматты камтыган баяндаманы тайпанын студенти Сапарова Эркинай жасады жана студенттер бул тууралуу викториналык суроолорго жооп берип,  маалыматтар менен бөлүшүштү.

Студенттер эне тили тууралуу, дүйнөлук тилдер тууралуу ошол тилде ар бири ырлардан  көркөм окушту, кыргыз тили тууралуу хорду аткарышты.  Студенттер өздөрү тема жеткиликтүү болуш үчүн буклеттерди, сүрөттөрдү жана видео роликти  даярдап келишти.

Иш-чаранын аягында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев дүйнөлүк тилдер боюнча, жалпы эле студенттердин илим-билимге болгон мамилеси тууралуу өз ойлору менен бөлүштү. Кт-1-22 тайпасынын куратор А.Шерипбаев катышкандарга ыраазычылык айтып, куратордук саатты жыйынтыктады.