1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Негизги билим берүү программасын талкуулоо

Негизги билим берүү программасы - билим берүү процессинин максаттарын, мазмунун, уюштурулушун жана натыйжаларын аныктаган нормативдик жана усулдук документтердин жыйындысы. Жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде уюштуруучулук-усулдук документ катары программаны өздөштүрүү сапатын баалоо үчүн негиз болуп эсептелет.

550300 Филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профили боюнча бакалаврды жана магистрди даярдоодо билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн  иштелип чыккан негизги билим берүү программасы Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын жамааты менен эксперттердин жана иш берүүчүлөрдун өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Иш-чарага Манас шаарындагы Ж.Болотов атындагы №21 жалпы билим берүүчү орто мектептин директору Ж.Б.Кебекова, А.Усман атындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектептин директору З.Ш.Асанбекова, Сузак районундагы Н.Алыкулов атындагы №71 орто мектептин директору М.С.Матраимов, №4 орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы М. М. Камчыбекова №9 орто мектептин усулчу мугалими К.Салиева жана эксперттер – Борбор Азия Эл аралык медициналык университетинин табигый жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.М.Турдубаева, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин педагогика кафедрасынын доценти, ф.и.к. А.А.Султановалар  катышышты.

Кафедра башчысы, доцент Г.К.Бакирова быйылкы окуу жылындагы билим берүү программасынын өзгөчөлүгү, бүтүрүүчүлөрдү даярдоодогу компетенттүүлүктүн маанисинин жогорулашы боюнча маалымат берди. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү жана эксперттер билим берүү программасы боюнча өз пикирлерин жана пайдалуу сунуштарын билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында негизги билим берүү программасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен чечимдер кабыл алынды.