1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

70

Дүйнөлүк классиктер А. Осмоновдун котормосунда

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында адабий-илимий семинар өткөрүлдү

2025-жылдын 28-ноябрында филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган кезектеги мазмундуу адабий-илимий семинар өткөрдү. Иш-чарага окутуучулар, изилдөөчүлөр жана студенттер катышып, Осмоновдун мурасынын көп кырдуулугун жаңы өңүттөн талдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жыйында төмөнкү баяндамалар сунушталды:

  • Профессор И. Абдувалиев – Осмоновдун драмалык котормолорундагы көркөм чечимдер жана алардын кыргыз сахна маданиятына тийгизген таасири.
  • Доцент Д. М. Чокоева – Элдик оозеки мурастарды Осмонов кантип кайра иштеп, кандай принциптерге таянганы тууралуу жаңы илимий байкоолор.
  • Улуу окутуучу А. Шерипбаев – Акындын чыгармачылык жолу, анын алгачкы изденүүлөрү жана «Жолборс терисин жамынган баатыры» поэмасын кыргызчага алып келүүдөгү татаал көркөм процесстер.
  • Студент С. Парпибаева – Осмоновдун котормолорунун ааламы, анын дүйнөлүк классикага болгон мамилеси жана өзгөртүп берүүдөгү изденүүлөрү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз ойлорун ортого салып, баяндамалар боюнча суроолор берилип, жогорку деңгээлдеги талкуу жүрдү. Ар бир сөз Осмоновдун чыгармачылыгын жаңыча түшүнүүгө, аны азыркы адабият таануу процессинде кайра баалоого багытталды.

Жыйын соңунда катышуучулар Осмоновдун мурасы бүгүн да өз ишин улантып, кыргыз адабиятынын идеялык жана көркөм дүйнөсүн байытып жатканын белгилешти.