1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

112

Экстремизмге, терроризмге жана укук бузууларга каршы профилактика

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 8-январындагы №3/1 буйругуна ылайык, 2023-2027-жылдарга КРнын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусу менен, КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №748-т сандуу тескемесин, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 10-январындагы №3-б сандуу буйругунун негизинде чыккан Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2024-жылдын 19-январындагы №10-б буйругун, Жалал-Абад шаарынын аймагында 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин улуттук планын аткаруунун негизинде 2024-жылдын 12-февраль күнү кыргыз тили жана адабияты кафедрасында конок лекция болуп, ага Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын капитаны Кыдырова Самара Эсенбаевна, Жазык аткаруу тутумунун медициналык тейлөө бөлүмүнүн башчысы, ага лейтенант Боронова Жылдыз Калмаматовналар келип катышышты. Лекция жүрүшүндө конокторубуз экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү, кылмыштуулук жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча бир топ маалыматтарды, маселелерди айтып өтүштү. Студенттер дагы суроо узатышып, толук кандуу жооп ала алышты.

Иш-чарага Кт-1-23, Кт-1-22, Кт-1-21, Кт-1-20 тайпаларынын студенттери, окутуучулар катышты. Жолугушууну кураторлор, А.Шерипбаев, Г.Көчөрова, Г.Бакирова жана У.Омурзаковалар уюштурду.