1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 часов назад

14

“Жумаш Мамытов – көрүнүктүү лексиколог” аталышындагы илимий семинар

2025-жылдын 26-ноябрында филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан көрүнүктүү тилчи-окумуштуу Жумаш Мамытовдун 90 жылдыгына карата “Ж.Мамытов – көрүнүктүү лексиколог” аталышындагы илимий семинар болуп өттү. Иш-чара филологиялык илимдин бүгүнкү өнүгүүсүнө салым кошкон белгилүү окумуштуунун эмгектерин кайра баамдап, алардын илимий жана практикалык маанисин талдоого багытталды.

Семинарды филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Ч.А. Асылбекова ачып, катышуучуларды жылуу куттуктады. Ал өз сөзүндө Жумаш Мамытовдун кыргыз тил илиминдеги ордун белгилеп, илимпоз катары калтырган мурастары бүгүн да актуалдуулугун жоготпогонун баса белгиледи.

Семинардын алкагында төмөнкү илимий баяндамалар окулду:

Ф.и.к., доцент Г.К. Бакирова - «Ж. Мамытовдун “Азыркы кыргыз тили. Лексикология” китеби жөнүндө» аттуу баяндамасында окумуштуунун лексикология багытындагы илимий түшүнүктөрү, кыргыз тилин изилдөөдө киргизген жаңычыл көз караштары жана алардын лингвистикалык теорияга таасири кеңири талданды.

Ф.и.к., доцент А. Оморов - «Ж. Мамытовдун “Көркөм чыгарманын тили” монографиясына илимий анализ» темасында илимий баяндама жасап, монографиянын азыркы адабий тил илиминдеги мааниси, көркөм тексттин табиятын илимий негиздөөгө жасаган салымы кеңири ачып берилди.

Улуу окутуучу А. Шерипбаев - «Мен билген Жумаш Мамытов» аттуу эскерүүсүндө устат тууралуу жеке тажрыйбалары, адамдык сапаттары, илимий-шык берүүчү мүнөзү жөнүндө жүрөк жылыткан ойлор менен бөлүштү.

Баяндамалардын катарында Кт-1-23 тайпасынын студенти Кубанычбекова Бактынур дагы өз баяндамасын окуп, угуучулардын алкышына татыды.

Семинардын соңунда уюштуруучулар жыйынтык сөздөрүн сүйлөп, Жумаш Мамытовдун кыргыз тил илиминдеги орду, мурастарын жаңы муунга жеткирүүнүн маанилүүлүгү жана мындай илимий жолугушуулардын салттуу түрдө улануусу зарылдыгы белгиленди.