1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

23 часа назад

19

КТ-1-22 тайпасынын кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

2025-жылдын 26-ноябрында Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-22 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практикасынан алган тажрыйбаларын жыйынтыктоо максатында отчеттук-конференция өткөрүлдү. Иш-чара студенттердин практика мезгилиндеги аткарган иштери, жетишкендиктери жана кесиптик компетенцияларынын калыптанышын талкуулоого арналды.

Конференцияга: кафедра башчы Г.К. Бакирова, институттун директору Ч.А. Асылбекова, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С. Жолдошалиева жана практика жетекчилери катышышты.

Г.К. Бакирова студенттер теориялык билимдерин практикалык иштер менен чебер айкалыштыра алганын айтып, бул жетишкендик алардын кесипке болгон чыныгы кызыгуусун жана келечекте мыкты адис катары калыптанып жатышын айкын көрсөтөрүн баса белгиледи. Ошондой эле ал студенттердин практикага болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, сабак даярдоодогу чыгармачылыгы, окуучулар менен иштөөдөгү жогорку маданияты жана өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдөрү алардын кесиптик жетилүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрү экенин өзгөчө белгилеп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика мезгилинде өтүлгөн сабактарында колдонгон ар түрдүү педагогикалык ыкмаларды, инновациялык методдорду жана өз алдынча иштеп чыккан усулдарын презентациялар аркылуу кеңири көрсөтүп беришти. Ар бир студент өзүнүн иш тажрыйбасын түшүндүрүп, кайсы этапта кайсы ыкма кандай максатта колдонулганын мисалдар менен көрсөтүп өтүштү.

Тыныбекова Арууке – сабакты бышыктоо этабында окуучулар теманы кандай деңгээлде өздөштүргөнүн аныктоо үчүн кыска суроо-жооп, топтук тапшырмалар, логикалык чынжыр түзүү сыяктуу ыкмаларды пайдаланганын айтты. Бышыктоодо активдүү окуу стратегияларын колдонуп, окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана жыйынтык чыгаруу жөндөмүн өнүктүргөн.

Сапарова Эркинай - сабакты кайталоо бөлүмүндө “Аквариум” ыкмасы аркылуу окуучуларды тегерек стол боюнча талкууга катыштырып, алардын пикир айтуусуна шарт түзгөн; “Боз үй” ыкмасы менен теманы системалаштырууну үйрөткөн; Kahoot онлайн-викторинасы аркылуу окуучулардын кызыгуусун арттырып, теманы тез жана кызыктуу форматта кайталоону камсыздаган. Бул ыкмалар окуучулардын жигердүүлүгүн жогорулатканын, алардын сабакка болгон кызыгуусу менен өз алдынча иштөө жөндөмдөрү бир кыйла артканын айтты.

Махаммадкосим кызы Асия - формативдик жана суммативдик баалоонун элементтерин айкалыштырып, баалоо критерийлерин түшүндүрүүдө “баалоо матрицасы”, “критерий–дескриптор” усулдарын колдонгонун көрсөттү. Ал баалоо окуучулар үчүн ачық жана түшүнүктүү болгондо алардын жыйынтыгы да жакшырганын белгиледи.

Мустапакулова Айдана - сабактын башталышында мотивациялык оюндар, кыска позитивдүү көнүгүүлөр “жылмайуу чөйрөсү”, “жагымдуу тилек” сыяктуу психологиялык ыкмаларды колдонуп, окуучуларды сабакка кызыктыра алганын айтты. Бул ыкма сабактын жалпы динамикасына жакшы таасир берген.

Садибакасова Самира, Абдумуталипова Айтурган - жаңы теманы түшүндүрүүдө презентациялар, схемалар, диаграммалар, сүрөттөр, видеоматериалдарды колдонулганын белгилешти. Визуалдык материалдар теманын түшүнүктүүлүгүн арттырып, окуучулардын кабыл алуусун жеңилдеткени айтылды.

Максутова Нурайым - сабактын соңунда бышыктоодо колдонулган интерактивдүү тапшырмалары тууралуу айтып, “суроолор коробкасы”, “эки тилке”, “түшүнүктү баалоо карталары” сыяктуу ыкмаларды колдоно алганын түшүндүрдү.

Омуралиева Алина - сабакты бышыктоодо “Формативдик баалоо” – окуучуларга натыйжа тууралуу дароо кайтарым байланыш берүү; “Курбу баалоо” – окуучулардын бири-бирин баалашы аркылуу өз ара үйрөнүүнү күчөтүү; “Чыгуучу билет” – сабактын аягында теманы өздөштүрүү деңгээлин өлчөө; Рубрика менен баалоо – критерийлерди так көрсөтүү; Онлайн тест – Google Forms, Quizizz сыяктуу платформалар аркылуу ыкчам баалоо жүргүзүү. Бул ыкмалар окуучулардын жоопкерчилигин жана сабакка болгон кызыгуусун арттырганы айтылды.

Апсаматова Салима – тапшырма суроодо: “Мээге чабуул” - ой жүгүртүүнү активдештирип, жаңы идеяларды жаратуу; “Брейн ринг” - командалык атаандаштык аркылуу теманы кайталоону кызыктуу кылуу;

“Тарсия” - түшүнүктөрдү туура айкалыштыруу аркылуу логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ыкмаларын колдонгонун көрсөттү. Бул ыкмалар окуучулардын командалык иш аракетин күчөтүп, материалды бат өздөштүрүүгө жардам берген.

Жыйынтыгында студенттер салттуу жана заманбап педагогикалык ыкмаларды айкалыштырып гана тим болбостон, кээ бирлери жаңы, чыгармачылыкка багытталган усулдарды да иштеп чыкканын белгилешип, практикалык ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыгын ийгиликтүү көрсөтө алышты.

Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору, Жолдошалиева Нурия Султановна, студенттердин практика мезгилинде көрсөткөн жигердүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогору баалады. Ал практиканын сапаты бир гана сабак өтүү менен чектелбестен, документтерди так жана толук жүргүзүү, убакытты туура пайдалануу, ошондой эле методикалык материалдарды педагогдордун деңгээлине ылайык даярдай билүү менен бааланарын белгиледи. Студенттердин сабак өтүүдө жана практикалык иш аракеттерде колдонгон ар түрдүү ыкмаларын жогору баалап, айрым студенттер чыгармачылык менен жаңы методдорду таба билгенин жана аларды практикалык жагдайга ийгиликтүү колдонгонун кубануу менен белгиледи. Бул келечек мугалимдер үчүн маанилүү тажрыйба болуп, педагогикалык компетенцияларынын калыптанышына чоң өбөлгө түзөрүн  айтты.