1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

9

“Студенттин илимий иши кантип жазылат?” аталышындагы тегерек стол

2025-жылдын 25-ноябрь күнүфилология институтунункыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан илим айындагы иш-чаралардын алкагында “Студенттин илимий иши кантип жазылат?” аталышындагы тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага институттун илимий иштери боюнча жооптуу, доцент Г.Орозбаева, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле студенттер, магистранттар катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө профессор И.Абдувалиев, доценттер А.Оморов, Г.Бакирова, улуу окутуучу Г.Каленбековалар илимий макала, курстук иш жана дипломдук иштердин мазмуну, түзүлүшү, магистрдик илимий иштин талаптары, ошондой эле доклад даярдоонун негизги эрежелери боюнча кеңири маалыматтарды беришти. Катышуучулар практикалык мисалдар менен таанышып, илимий иш жазууда көңүл буруучу өзөк маселелер боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.

Иш-чара ачык талкуу жана суроо-жооп иретинде улантылып, студенттер үчүн илимий маданиятты өрчүтүүгө, өз алдынча изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталган маанилүү жыйын болду. Тегерек столдун жыйынтыгы студенттердин илимий ишке болгон кызыгуусун арттырып, алардын изденүүчүлүк потенциалын чыңдоого өбөлгө түздү. Мындай форматтагы жолугушуулар мындан ары да улантылаары белгиленди.