1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

20

ФББ(КТ)маг-1-24 тайпасынын магистранттарын илим-изилдөө практикасына жиберүү алдындагы конференциясы

2025-жылдын 21-ноябрында Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин ФББ(КТ)маг-1-24 тайпасынын магистранттарын илим изилдөө практикасына жиберүү алдындагы конференциясы болуп өттү. Иш-чара практика боюнча жооптуу тарабынан уюштурулуп, ага институттун директору Ч.А. Асылбекова, кафедра жетекчиси Г.К.Бакирова, магистранттардын илимий жетекчилери жана окутуучулар катышты.

Илим изилдөө практикасы — магистрдик билим берүүнүн маанилүү баскычы. Ал магистранттардын академиялык компетенциясын жогорулатууну, илимий ой жүгүртүүсүн кеңейтүүнү жана тандаган темасы боюнча өз алдынча терең изилдөө жүргүзүү жөндөмүн өнүктүрүүнү көздөйт. Конференциянын негизги максаты — магистранттарды алдыдагы төрт жумалык практика процессине даярдоо, методологиялык көрсөтмөлөрдү берүү жана илимий иштин планын тактоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө институттун директору Ч.А. Асылбекова магистранттарды илимий изилдөөнү жогорку сапатта жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, илимий жазуу маданиятын өздөштүрүү алардын келечектеги адистик кесипкөйлүгүнө түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.

Кафедра жетекчиси Г.К. Бакирова практика учурунда сакталууга тийиш болгон академиялык талаптар, изилдөөнүн структурасы жана магистранттар үчүн отчеттук иштердин форматы тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, төмөнкүлөргө токтолду: Тандалган тема боюнча терең изилдөө жүргүзүү: магистранттар алдын ала бекитилген теманын алкагында теориялык жана практикалык материалдарды топтойт жана талдайт; Илимий жетекчи менен үзгүлтүксүз иш алып баруу: жумасына бир жолу консультативдик жолугушуулар өткөрүлүп, аткарылган иштер талкууланат, корректировкалар киргизилет; Эки илимий макала даярдоо: практиканын жүрүшүндө магистранттар темасына байланыштуу эки илимий макала жазып, аларды улуттук же эл аралык басылмаларга, же илимий жыйындарга сунушташы керек; Алынган маалыматтарды туура колдонуу, плагиатка жол бербөө, шилтемелерди туура көрсөтүү жана илимий стилдин нормаларын так сактоо талап кылынат; Практиканын соңунда магистранттар аткарган иштер боюнча толук отчет тапшырышат.

Иш-чаранын соңунда магистранттар өздөрүнүн илимий жетекчилери менен практика учурунда аткарыла турган иштер боюнча кеңештерди алышты. Конференция магистранттар үчүн практиканы ийгиликтүү жүргүзүүгө методологиялык жана мотивациялык негиз түздү. Бул этап алардын магистрдик диссертацияларын сапаттуу даярдоого жана илимий компетенцияларын арттырууга олуттуу өбөлгө болот.