1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

14

Практиканын жумуш ордунда окутуунун алкагындагы иш-чара

2025-жылдын 21-ноябрында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Р. Шерипбаев Манас шаарындагы №14 С. Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине барып, кесиптик-профилдик практиканын жумуш ордунда окутуу ишмердүүлүгүнүн алкагында мазмундуу жана таасирдүү иш-чара өткөрүп келди.

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө таанымал “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде уюштурулуп, студент жана мектеп окуучулары үчүн мазмундуу адабий викторина форматында өттү. Викторинанын практикалык мааниси – студенттерге сабакты кызыктуу формада уюштуруу ыкмаларын үйрөтүү, окуучуларда чыгармачыл ойлонууну жана адабиятка болгон кызыгууну жогорулатат.

Викторинанын жүрүшүндө катышуучуларга чыгармадан ар тараптуу суроолорду берип, төмөнкү багыттар боюнча талкуу жүргүздү: романдын идеясы жана көркөмдүк өзгөчөлүктөрү; каармандардын ички дүйнөсү жана образдык чечмелөөлөрү; чыгарманын философиялык тереңдиги; улуттук баалуулуктар, тарыхый чындык жана жазуучунун айтайын деген башкы ой-туюмдары. Окуучулар жана студенттер викторинага жигердүү катышып, өздөрүнүн анализ жүргүзүү жөндөмүн, көркөм текст менен иштөө билимин жана Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгуусун көрсөтө алышты.

         Иш-чаранын максаты — студенттердин практикалык тажрыйбасын колдоо менен бирге, мектеп окуучуларынын адабиятка болгон кызыгуусун күчөтүү жана көркөм чыгармага терең талдоо жүргүзүүгө өбөлгө түзүү болду.

Мындай иш-чаралар студенттердин методикалык даярдыгын чыңдоого, педагогикалык практикадагы көндүмдөрүн өркүндөтүүгө чоң түрткү болду.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттер менен окуучулардын активдүү катышуусу сабактын натыйжалуулугун арттырды. Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы боюнча өткөрүлгөн викторина балдардын руханий дүйнөсүн байытып, дүйнөлүк адабияттын классикалык чыгармасын тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.