1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

22

Шаардагы мекеме-ишканаларда мамлекеттик тил боюнча иш алып баруу

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү комплексинин филология институтундагы кыргыз тили жана адабияты кафедрасында “Мамлекеттик тил” ийриминин иш планында шаардагы мекеме-ишканаларда мамлекеттик тил боюнча иш-чараларды уюштуруу каралган. Ушул максатта ийрим жетекчиси улуу окутуучу Г. Т. Каленбекова кафедранын профессору, ф.и.д. Ибраим Абдувалиев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Манас шаардык башкармалыгынын кызматкелери менен жолугушту. Прфессор И. Абдувалиев башкарманын кызматкерлерине кыргыз тилинин байыркы тарыхы, түрк тилдеринин ичиндеги орду, бүгүнкү күндөгү кыргыз тили өнүгүп-өсүп жаткан тилдердин бири экендигине басым жасап кызыктуу баяндама жасады.

Ийрим жетекчиси Г. Т. Каленбекова кызматкерлерден “Кыргызтест” боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча сурамжылап, аларга “Кыргызтесттин” жазуу жана сүйлөө субьтесттери боюнча керектүү маалыматтарды айтып өттү.

 Натыйжада, мекемеде мамлекеттик тил боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, башкармалыктын жетекчиси Э.К. Шамиева өзү колго алып кызматкерлери  “Кыргызтестти” тапшырып жыйынтыгын күтүп жаткандыгы,  алардын кыргыз тилине болгон аяр мамилесине жасалып жаткандыгы барган тилчилерди канааттандырды.