1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

Дуалдык окутуу алкагында мектептеги   студенттердин сабактарына катышуу 

2025-жылдын 19-ноябрында Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Шерипбаев Амангелди Сузак районундагы №3 Чаңгыр-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебине барды. Бул сапар дуалдык окутуу программасынын алкагында уюштурулуп, анын негизги максаты — студенттердин практикалык даярдыгын көзөмөлдөө жана мектеп мугалимдери менен тажрыйба алмашуу болду.

Иштин жүрүшүндө окутуучу КТ-1-22 тайпасынын студенти Султан кызы Жазгүлдүн 9-Б классына өткөн сабагына катышты. Студент “Семетей” эпосу боюнча көргөзмөлүү сабак өтүп, окуучуларга эпостун мазмуну, каармандар дүйнөсү жана тарбиялык мааниси тууралуу кенен маалымат берди. Сабакта ар кандай иллюстрациялар, тексттик үзүндүлөр жана интерактивдүү тапшырмалар колдонулуп, окуучулардын жигердүү катышуусу камсыздалды.

Дуалдык окутуунун алкагында өткөрүлгөн сабак өз максатына жетти. Студент Султан кызы Жазгүл теориялык билимин практикалык иште ийгиликтүү колдоно алганын көрсөттү.

Шерипбаев Амангелди сабактын жүрүшүн “жакшы”  деп баалап, студенттин теориялык жана усулдук жактанмдаярдыгына токтолуп, дуалдык окутуунун натыйжалуулугун белгиледи. Ал мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик чеберчилигин арттырууга жана билим берүү чөйрөсүн мындан ары терең өздөштүрүүгө жакшы шарт түзөрүнк ошумчалады.