1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

Кесиптик-профилдик практиканы жыйынтыктоо алдындагы сабактар

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  филология институтунун Кт-1-22 тайпасынын студенти Орунбаева Бегимай  кесиптик-профилдик практикасын Манас шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде өтөп жатат. 20-ноябрь күнү Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу, окуу жайдан жетекчиси А.Шерипбаев усулчу катары барып, мектептеги жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Юлдашева Анара жана бир топ мугалимдер менен Орунбаева Бегимайдын кыргыз адабиятынан Улуттук адабият күнүнө карата (4-декабрь “Манас” эпосунун жана Ч.Айтматовдун 12-декабарь туулган күнүнө карата) “Сабак-мелдеш” өттү.

Сабакта практикант 11-“Б” класстын окуучуларына беш категория менен атайын тапшырмаларды түзүп, интерактивдүү панель менен окуу программасына дал келген кыргыз тили жана адабияты боюнча кызыктуу тапшырмаларды топторго бөлүштүрүп, мелдеш түрүндө өттү. Окуучулар күн мурунтан эле топторго бөлүштүрүлүп, өздөрүнө ат коюшуп, абдан мыкты даярдыкта келишкен. Тапшырмалардын ичинде жалпы республикалык тестке ылайык кыргыз тилинен да тапшырмалар берилгени аябай окуучулардын кызыгуусун жаратты.

            Жыйынтыгында катышкан окутуучулар Орунбаева Бегимайдын өзүнө ыраазычылыгын билдиришти жана сабак абдан натыйжалуу болгондугун белгилешти.