1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

136

Заманбап педагогикалык ыкма боюнча ачык сабак

Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын Кт-1-23 тайпасына  окутуунун 5E модели  боюнча улуу окутуучу У.Т.Омурзакова тарабынан кыргыз адабиятынын окутуунун усулу предметинен ачык сабак өтүлдү. Студенттерге окутуунун түрдүү методдору боюнча лекциялар өтүлүп, маалымат берилген. Ошонун ичинен азыркы күндөгү актуалдуу болуп жаткан 5Е модели боюнча да тайпага сабактар өтүлгөн. Бул ачык сабакта тайпа эки топко бөлүнүп, түрдүү темаларда 5Е моделдөө методу боюнча сабактарды пландаштырып, көрсөтүү тапшырмасы берилген. А.Осмонов “Жеңишбек” поэмасы, Ч.Айтматов “Жамийля” повесттеринин мисалында 5E модели  боюнча сабактарды көрсөтүп беришти.  5E моделинин (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) беш этабы тууралуу маалыматтар айтылып, ар бир этапка ылайык түрдүү суроолор, тапшырмалар берилди.

Студенттердин 5E моделин жакшы өздөштүргөндүгүн сабактын жүрүшүнөн көрүүгө болот деп билдиришти – сабакка катышкан окутуучулар.