1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

"Кыргыз тили сабагында интерактивдүү усулдарды жана мобилдик тиркемелерди колдонуу боюнча усулдук жардам" аталышындагы жумуш ордунда окутуу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин 4-курсунун студенттерине Манас шаарындагы №21 Ж.Болотов атындагы мектептепте практика  өтөп жаткан учурунда жумуш ордунда окутуу иш чарасына ылайык кыргыз тили жана адабияты кафедранын доценттин милдетин аткаруучу Г.Кочорова  "Кыргыз тили сабагында интерактивдүү усулдарды жана мобилдик тиркемелерди колдонуу боюнча усулдук жардам" жана "Сабактарга тапшырмаларды, көнүгүүлөрдү даярдоо боюнча усулдук жардам" деген темада кызыктуу сабак өтүп берди.

Сабакка мектептин мугалимдери, окуучулары жана практиканттар катышып, сабак абдан кызыктуу болду.

Г.Кочоровага мектеп жетекчилиги тарабынан "Кыргыз тили сабагында интерактивдүү усулдарды жана мабилдик тиркемелерди колдонуу боюнча усулдук жардам" жана "Сабактарга тапшырмаларды, көнүгүүлөрдү даярдоо боюнча усулдук жардам" деген темада өткөн сабактары үчүн ыраазычылык билдиришти.