1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

Дуалдык окутуу жана практиканттын сабактары

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти А.Оморов практикант-студенттер менен мектеп жамаатынын дуалдык окутууну ишке ашырып, практикант-студенти Тыныбекова Аруукенин ачык сабактарына катышып анализдерин берди. Практикант А.Тыныбекованын 6-класста "Алтын күз" темасындагы өткөн тарбиялык сааты абдан кызыктуу болду. Тарбиялык саатта берекелүү күздүн жаратылышынын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү, бышымчылыктын адамзаттын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу түзүлгөн слайддар, түрдүү сүрөттөр окуучуларга таасир этип, окуучулар тема боюнча өз ойлорун айтышты, суроолорун беришти. Сабак окуучу менен мугалимдин ортосундагы педагогикалык кызматташтыкта өтүп, өз мааксатына жетти.