1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Мектепте окуу-изилдөө иштерине багытталган семинар уюштурулду

2025-жылдын 14-ноябрында Манас шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев студент-практиканттар үчүн практиканын жумуш ордунда окутуу боюнча усулдук семинар өткөрдү.

Семинардын негизги максаты – келечек мугалимдерге мектепте окуучулар менен изилдөө иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөтүү, маалыматтарды топтоо жана жыйынтык чыгаруу методикасын көрсөтүү болду.

Семинардын негизги багыттары:

  • Студенттерге практикалык-методикалык көндүмдөрдү берүү;
  • Кыргыз тили жана адабияты сабагында окуучулар менен изилдөө иштерин пландаштырууну үйрөтүү;
  • Мини-изилдөөлөрдү уюштуруу жана маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу ыкмаларын көрсөтүү;
  • Практиканттардын илимий-изилдөө маданиятын калыптандыруу.

Семинар учурунда студенттер практикалык тапшырмаларды аткарып, методикалык суроолорун беришти. Профессор ар бир тапшырма боюнча пикир берип, тажрыйба алмашууга шарт түздү.

Семинардын жыйынтыгында студенттер:

  • Изилдөө иштерин уюштуруунун так методикасын өздөштүрүштү;
  • Сабакка интеграцияланган изилдөө долбоорлорун өз алдынча пландаштыра алышты;
  • Практикалык тажрыйбасын бекемдешти.

№4 жалпы билим берүүчү орто мектеп студент-практиканттар менен кызматташууну улантып, келечектеги мугалимдердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатууга жана илимий-изилдөө маданиятын калыптандырууга салым кошууну улантат.