1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

Педагогикалык практиканын алкагында ачык сабак уюштурулду

2025-жылдын 14-ноябрында Манас шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-22 тайпасынын студенти Мустапакулова Айдана Салайдиновна тарабынан 10-класстар үчүн “Мукай Элебаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы” деген темада ачык сабак өткөрүлдү.

Бул иш-чара педагогикалык практиканын алкагында уюштурулуп, студенттин методикалык даярдыгын, сабак берүү чеберчилигин жана аудитория менен иштөө жөндөмүн өркүндөтүүнү максат кылды. Сабакка кафедрадан практиканын жүрүшүнө жооптуу окутуучу Г.О. Кудайкулова, ошондой эле мектеп тарабынан бекитилген усулчу мугалим Салиева Кадийла Абдуллайовна катышып, студенттин ишин байкап, баалоо жүргүзүштү. Ачык сабак кыргыз адабиятынын классиктеринин бири Мукай Элебаевдин чыгармачылыгын терең үйрөтүүгө багытталды. Сабак төмөнкү багыттарды камтыды: Окуучуларга жазуучунун өмүр жолун, анын адабиятка кошкон салымын кеңири таанытуу; Элебаевдин чыгармаларындагы атуулдук идеяларды, патриоттук баалуулуктарды түшүндүрүү; Окуучуларда адабиятка болгон кызыгууну арттыруу жана көркөм текст менен иштөө көндүмүн чыңдоо.

Сабак интерактивдүү суроо-жооп жана жазуучунун өмүрүн чагылдырган видеоматериал менен башталды. Мукай Элебаевдин өмүр баяны, чыгармачылык этаптары, белгилүү чыгармалары тууралуу презентация, хронологиялык таблицалар жана слайддар аркылуу кеңири баяндалды.

Окуучулар автордун идеясын табуу өңдүү тапшырмалар менен топтордо иштеп, чыгармачыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн көрсөтүштү. Сабак интерактивдүү тест жана рефлексия ыкмасы аркылуу жыйынтыкталды.

Интерактивдүү карталар, презентациялар, кыска видеоматериалдар колдонулду; “Баа берүү матрицасы” каржылап, окуучулардын ишинин сапаты объективдүү бааланды; Окуучулардын ой жүгүртүүсүн жандыруу үчүн суроо-жооп, мотивдештирүүчү тапшырмалар жана аналитикалык суроолор сунушталды.

Практика боюнча жооптуу окутуучу Г.О. Кудайкулова студенттин педагогикалык ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын жана сабактын өзгөчө уюштурулушу студенттин кесипке болгон кызыгуусун жана шыгын көрсөтөрүн белгиледи.

Усулчу Салиева Кадийла Абдуллайовна сабактын мазмундук жактан да, методикалык жактан да талапка ылайык, заманбап ыкмалар менен өткөрүлгөнүн айтып өттү. Ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, 10-класстын окуучуларында Мукай Элебаевдин чыгармачылыгына болгон кызыгууну арттырды. Студент Мустапакулова Айдана өзүнүн педагогикалык мүмкүнчүлүгүн, сабак берүү жөндөмүн жана методикалык компетенцияларын ийгиликтүү көрсөттү.

 Бул иш-чара студенттин практикалык тажрыйбасын байытып, келечекте профессионал мугалим катары калыптанышына чоң салым кошту.