1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

Усулчулар практиканттардын ачык сабактарына катышты

2025-жылдын 14-ноябрында кыргыз тили жана адабияты адистигинин 4-курсунун студенти, практикант Апсаматова Салима Манас шаарындагы  Жолболду Болотов атындагы №21 мектептин 11-классынын окуучуларына кыргыз адабияты сабагынан "У.Абдукаимовдун өмүрү чыгармачылык жолу" деген темада ачык сабак өттү. Сабакка усулчулар Ырысбай кызы Салима, Салиева Кадийча Абдуллайовна катышты. С.Апсаматова сабакты окутуунун заманбап усулдарды, техникалык каражаттарды колдонуу менен өтүп, теориялык билимин практикада көрсөтө алды. Сабактын уюшулушу, жүрүшү жана натыйжалуулугуна усулчулар тарабынан анализ жасалып, сунуш-пикирлер, усулдук кеңештер айтылды.