1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

240

ЖАМУнун профессору Ибраим Абдувалиев Уфада өткөн эл аралык конференцияга катышып келди

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору Ибраим Абдувалиев 2025-жылдын 7-ноябрында Россия Федерациясынын Уфа шаарында өткөрүлгөн «Гуманитардык илимдер маселеси» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди.

Конференциянын алкагында профессор Абдувалиев «Кыргыз тилинде сөздөрдүн тутуму маселесине карата» деген темада баяндамасын окуп, кыргыз тил илиминдеги лексикалык тутум жана сөздөрдүн өз ара системалуулугу боюнча илимий жаңылыктарды катышуучуларга сунуштады. Баяндаманын мазмуну жогорку баага алынып, гуманитардык илимдер жаатындагы эл аралык дискуссияда өз ордун тапты.

Илимий иш сапар профессордун эл аралык академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө, өзгөчө тил илими жаатындагы адабий-илимий чөйрө менен тыгыз байланыш түзүүгө өбөлгө болду. Сапардын жүрүшүндө профессор: гуманитардык багыттагы окумуштуулар менен тажрыйба алмашты; биргелешкен илимий долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Профессордун бул эл аралык деңгээлдеги катышуусу окуу жайыбыздын илимий потенциалынын өсүшүнө жана университеттин дүйнөлүк илимий мейкиндиктеги байланышын чыңдоого маанилүү салым кошту.