1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

163

Профессор Ибраим Абдувалиев илимий иш сапарда

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин ф.и.д., профессор Ибраим Абдувалиев 2025-жылдын 7-ноябрында Россия Федерациясынын Уфа шаарында өткөрүлгөн эл аралык деңгээлдеги маанилүү илимий иш-чарага катышып, иш сапардан ийгиликтүү кайтып келди.

Профессор Абдувалиев Россия Илимдер академиясына караштуу Уфа илим изилдөө борборунун тарых, тил жана адабият институтунда уюштурулган, белгилүү түрколог-окумуштуу З.Г. Ураксиндин 90 жылдык мааракесине арналган “Ураксин окууларына” катышып, “Мен билген З.Ураксин” аталышындагы баяндамасын окуду. Иш-чара дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген тил, адабият жана тарых жаатындагы эксперттердин катышуусунда өтүп, түркологиянын учурдагы актуалдуу маселелери талкууланды.

Илимий иш сапар алкагында окумуштуу Ибраим Абдувалиев:

·         кыргыз жана түрк тилдеринин салыштырма изилдөөлөрүнө арналган баяндамасын сунуштады;

·         башка өлкөлөрдүн окумуштуулары менен тажрыйба алмашты;

·         жаңы илимий байланыштарды түзүп, келечектеги биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү;

·         академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган пикирлери менен бөлүштү.

Бул иш сапар окуу жайдын эл аралык кызматташтыгын бекемдөөгө, кыргыз тил илимин дүйнөлүк илимий мейкиндикке таанытууга жана ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамынын мобилдүүлүгүн жогорулатууга чоң өбөлгө болду.