1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

71

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окумуштуулары ЖАМУда конок лекция окуду

2025-жылдын 13-ноябрында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окумуштуулары тарабынан конок лекциялар окулду.

Тил илими кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору Акынбекова Айман Усенбаевна КТ-1-25 тайпасынын (кыргыз тили жана адабияты профили) студенттерине «XX кылымга чейин кыргыз эли колдонгон жазуулар» аттуу кызыктуу жана мазмундуу конок лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө окутуучу кыргыз элинин бай тарыхый жазма мурастарына, ар кыл мезгилдерде колдонулган жазууларга жана алардын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, студенттер менен жандуу талкуу жүргүздү.

Аны менен катар филология илимдеринин кандидаты, доцент Турдубаева Назгуль Шаршеналиевна чакырылып, ал КТ-1-23 тайпасынын студенттерине «Жусуп Баласагындын мурасы, түрк элдеринде таанылышы жана изилдениши» деген темада мазмундуу конок лекция окуду. Лекцияда улуу акын жана ойчул Жусуп Баласагынды түрк дүйнөсү кандай деңгээлде изилдеп келе жатканы, анын чыгармаларынын актуалдуулугу жана жалпы түрк маданиятындагы орду тууралуу баалуу маалыматтар берилди.

Иш-чаралар студенттердин илимий билим дараметин кеңейтүүгө, тарыхый-адабий мурастарга болгон кызыгуусун арттырууга зор салым кошту.