1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өттү

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасында КТмс-1-24 тайпасынын магистранттары 2025-жылдын 13-октябрынан 8-ноябрга чейин илимий-педагогикалык практикасын ийгиликтүү аякташты. Бул мезгил ичинде магистранттардын ишмердиги эки багытта мектептеги педагогикалык тажрыйба жана кафедрадагы илимий багыттагы ишмердик аркылуу комплекстүү түрдө уюштурулду.

Практиканын мазмуну магистранттарды бир эле учурда педагогикалык чөйрөдө да, илимий-изилдөө багытында да системалуу өнүктүрүүгө багытталды. Магистранттар мектептеги сабак берүү процессине аралашуу менен бирге, ошол эле тажрыйбаны кафедралык илимий талдоолор аркылуу тереңдетип, теориянын практика менен айкалышкан үлгүсүн көрсөтө алышты.

Ушундай айкалышкан ишмердик магистранттарга өз педагогикалык тажрыйбасын бир тараптуу эмес, илимий негизделген формада баалоого мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада алар сабак берүү менен изилдөөнүн, теория менен күнүмдүк практикадагы жыйынтыктардын ортосундагы тыгыз байланыштын терең маңызын өздөштүрө алышты.

Практиканын соңунда кафедрада салттуу жыйынтыктоочу илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, магистранттар бир айлык ишмердиктин мазмунун комплекстүү талдап берген отчетторун коргошту. Алар педагогикалык байкоолорун илимий фактылар, анализдер жана диссертациялык багыттагы табылгалар менен айкалыштырып, теория менен практиканын үзүрлүү байланышын өз баяндамаларында кеңири чагылдырды.

Кафедра мүчөлөрү магистранттардын эки тараптуу ишти бир нукта бириктирип, окутуу процессин илимий изилдөөнүн негизи катары колдоно билгендигин жогору баалашты. Практика магистранттар үчүн чыныгы педагог-изилдөөчүнүн кесиптик моделин түзүүгө багытталган маанилүү тажрыйба болду.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы магистранттардын бул айкалышкан практика учурунда көрсөткөн жигердүүлүгүн, теориялык даярдыгын жана педагогикалык компетенттүүлүгүн жогору баалап, алардын кесиптик өнүгүүсүнө ийгиликтер каалайт.