1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

144

КТ-1-22 тайпасынын студенттери тарабынан ачык сабактар өтүлдү

Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилинин студенттери кесиптик-профилдик практикасын өтөп жатышат. Студенттерге практика алдынан жол карталар берилген. Жол картага ылайык студент-практиканттар график боюнча ачык сабактарды өтүштү.

Сузак районундагы №6 Т.Темирбаев атындагы орто мектебинде практика өтөп жаткан Тагева Перизат “Диалог жана анын тыныш белгилери” деген темада, Манас шаарындагы №9 Р. Санатбаев атындагы орто мектебиндеги студент-практикант Омурканова Наргиза “Сырдык сөздөр” деген темада ачык сабактартарды өтүштү.

Ачык сабактар бекитилген жол картага ылайык уюштурулуп, ар бир студент өз темасын заманбап окутуу ыкмаларынын негизинде өткөрдү. Сабактардын жүрүшүндө студенттер өз педагогикалык жөндөмдөрүн, методикалык даярдыгын жана сабакты уюштуруудагы чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Сабактар жогорку деңгээлде өтүп, методикалык талаптар сакталды. Сабактарда интерактивдүү методдор, презентациялар жана практикалык тапшырмалар кеңири колдонулду. Ар бир сабактан кийин талкуу жүргүзүлүп, студенттерге университеттеги усулчусу У.Т.Омурзакова тарабынан практикалык сунуштар жана багыттар берилди.