1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

86

«5E модели — окутуунун натыйжалуу усулу» аттуу иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 13-ноябрында филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу У.Т. Омурзакова тарабынан Манас шаарынын № 9 Р.Санатбаев атындагы орто мектебинде 9-“А” классынын окуучулары жана Кт-1-22 тайпасынын студенттерине «5E модели — окутуунун натыйжалуу усулу» аттуу практиканын жумуш ордундагы базадагы иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – катышуучуларга заманбап окутуу ыкмаларынын бири болгон 5E окутуу модели тууралуу түшүнүк берүү, анын ар бир баскычынын маңызын ачуу жана окутуу процессинде колдонуу жолдорун үйрөтүү.

Иш-чара эки бөлүктөн турду: теориялык жана практикалык.

Биринчи бөлүктө катышуучуларга слайд-презентация аркылуу 5E моделинин түзүмү жана ар бир баскычынын мазмуну боюнча маалымат берилип, окуучулар жана студенттер 5E окутуу моделинин баскычтарын өздөштүрүшүп, сабакты уюштурууда бул ыкманын артыкчылыктарын түшүнүштү..

Экинчи бөлүктө 5E окутуу модели боюнча студенттер менен окуучуларга сабак өтүлдү. Катышуучулар активдүү катышып, топтук иштөө жана пикир билдирүү көндүмдөрүн өнүктүрүштү

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, максатына жетти. Студенттер тарабынан оң пикирлер айтылып, 5E моделин келечектеги сабактарда колдонууга кызыгуу артты.