1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

Мектептердеги ачык сабактар

КТк-1-23 тайпасынын студенти Султан к. Жазгул кесиптик-профилдик практикасын турмуш шартына байланыштуу Сузак районундагы №3 Чаңгыр-Таш жалпы билим берүүчү мектебинде өтөп жатат. 13.11.2025. күнү жетекчиси кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу, окуу жайдан А.Шерипбаев усулчу катары барып, мектептеги жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Кайкиева Анара болуп, 7-”б”класста А.Токомбаевдин "Жараланган жүрөк" повестине жана кыргыз тилинен 8-“б” класста “Атама сүйлөм. Атама сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшү” деген темадагы ачык сабактарына катышты.   

Султан к. Жазгул окуучуларды сабакка  активдүү катыштыруу үчүн түрдүү дидактикалык материалдарды, оюндарды ойнотуу аркылуу аракеттенди. Үй тапшырма катары берилген акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча ар түрдүү тапшырмаларды аткарып жооп беришти жана "Жараланган жүрөк" повестинен окуучулар көркөм окушуп, чыгарманын идеялык-тематикалык мааниси, мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүштү. Суроо-жооптор болуп, чыгармачылык тапшырмаларды аткарышты. Сабакта айрыкча топтордо иштөө жакшы натыйжа берди. Тиешелүү сунуштар айтылып, теориялык-практикалык, усулдук кеңештер берилди. Сабак “жакшы” деп бааланды.  Кыргыз тилинен да көнүгүүлөр иштелип, жаңы тема бышыкталып, үй тапшырма берилди.

Практикант Султан к. Жазгулдүн аракетчилдиги, изденүүчүлүгүн баары бир ооздон белгилешип, келечекте ошол мектепке кайра келип иштөөсүн билдиришти.