1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

55

Кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенти тарабынан өткөрүлгөн көргөзмөлүү ачык сабак

2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-22 тайпасынын студенти Абдумуталипова Айтурган Бейшебековна кесиптик-профилдик практикасынын учурунда №21 Ж.Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде көргөзмөлүү ачык сабак жана тарбиялык саат өткөрдү.

Ачык сабак 10-класска Кыргыз адабияты сабагынан “А.Токомбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы” деген темада өтүп, улуу акындын кыргыз поэзиясына кошкон салымы, анын чыгармаларындагы патриоттук, элдик рух өзгөчө белгиленди. Сабактын жүрүшүндө студент мультимедиялык көрсөтмөлөрдү, көргөзмө материалдарды жана суроо-жооп, талкуу сыяктуу интерактивдүү усулдарды колдонуу менен окуучулардын кызыгуусун арттыра алды.

Ошондой эле, “Кыздын кырк чачы улуу” деген темада тарбиялык саат өткөрүлүп, анда кыргыз элинин кыз баланы урматтоо, ыйман, адеп, жоолук маданияты сыяктуу нарктары тууралуу баалуу ойлор айтылды. Окуучулар макал-лакаптардан, элдик уламыштардан жана сахналаштырылган көрүнүштөрдөн пайдаланып, кыздын ар-намысын сактоо жана өзүнө ишенимди арттыруу темасында кызыктуу талкуу жүргүзүштү.

Ачык сабактарга Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын практика боюнча жооптуу окутуучу Г.О. Кудайкулова, ошондой эле мектеп тарабынан дайындалган усулчу мугалим Акматова Дамира Сагындыковна катышышты. Алар студенттин сабакты пландаштыруу, методикалык каражаттарды пайдалануу жана окуучулар менен иштөө чеберчилигин жогору баалашты.

Иш-чаранын соңунда жетекчилер Абдумуталипова Айтурганга келечектеги педагогдук ишинде ийгиликтерди каалап, анын чыгармачылык изденүүсүн жана жоопкерчиликтүү мамилесин белгилешти.

Мындай ачык сабактар студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштырып, алардын педагогикалык компетенциясын чыңдоодо чоң мааниге ээ. Бул иш-чара — келечектеги мугалимдерди даярдоодогу жемиштүү кадамдардын бири болуп калды.