1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

Жумуш ордунда окутуу аркылуу студенттердин педагогикалык компетенциясын өнүктүрүү

2025-жылдын 13-ноябрь күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси болгон Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Г.О.Кудайкулова тарабынан студент-практиканттар үчүн методикалык багыттагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара №21 Ж.Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында уюштурулуп, анын темасы «Санариптик интерактивдүү усулдардын түрлөрү» деп аталды.

Иш-чаранын негизги максаты — студент-практиканттардын сабак өтүү процессинде заманбап санариптик технологияларды жана интерактивдүү усулдарды натыйжалуу колдонуу жөндөмүн өнүктүрүү, окутуунун сапатын жогорулатуу жана билим берүү процессине инновацияларды киргизүүгө багыт берүү болду.

Ал иш-чаранын жүрүшүндө санариптик билим берүү платформалары, онлайн сабактарды уюштуруунун принциптери, мультимедиялык каражаттардын ролу жана алар окуучулардын активдүүлүгүн арттыруудагы орду тууралуу кенен маалымат берди. Сабак өтүүдө ар бир темага ылайык санариптик усулду туура тандап алуу, интерактивдүү элементтерди пайдалануунун методикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана окуучулардын кызыгуусун арттыруучу креативдүү иш ыкмаларын иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Окутуучу катышуучуларга Kahoot, Padlet, Quizizz, Mentimeter, Jamboard, Wordwall сыяктуу интерактивдүү онлайн платформалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, ар биринин өзгөчөлүктөрүн, колдонуу жолдорун жана сабак өтүүдө натыйжалуу пайдалануу ыкмаларын тааныштырды.

Студент-практиканттар көрсөтүлгөн платформалар аркылуу интерактивдүү тапшырмаларды иштеп чыгышты. Алар санариптик ресурстарды пайдалануу менен тесттик суроолорду түзүп, оюн түрүндөгү баалоо иш-аракеттерин уюштурушуп, өз ара тажрыйба алмашышты.

Иш-чаранын соңунда студенттер, окуучулар активдүү катышып, өзүдөрүнүн ойлорун, сунуштарын билдиришти. Мындай иш-чаралар практиканын сапатын жогорулатып, келечектеги педагогдук ишмердүүлүккө чоң тажрыйба болорун белгилешти.

Бул иш-чара студент-практиканттар үчүн теория менен практиканы айкалыштырган пайдалуу усулдук сабак болуп, алардын педагогдук жана санариптик компетенцияларын өрчүтүүгө чоң түрткү берди.

Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылык жана педагогдук потенциалын өркүндөтүүгө өбөлгө түзүп келет.