1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ ПРОФИЛИНИН МАГИСТРАНТТАРЫ ДУАЛДЫК ОКУТУУ ПРОЦЕССИНЕ АКТИВДҮҮ КАТЫШУУДА

2025-жылдын 5-ноябрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын магистранттары Жалал-Абад облусундагы жана Манас шаарындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде дуалдык окутуу системасы боюнча иш жүргүзүүгө арналган жыйын болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин  2024-жылдын 12-июнундагы №383 токтому жана дуалдык окутууну күчөтүү боюнча №7/30 буйругунун негизинде уюштурулду. Бул демилге жогорку окуу жайы менен жалпы билим берүүчү орто мектептердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, магистранттардын практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга жана билим берүү сапатын арттырууга багытталган.

Дуалдык окутуу – бул билим берүүнүн заманбап формасы болуп, анда студент же магистрант окуу процессин теория жана практика менен айкалыштырып жүргүзөт. Теориялык билим университетте берилсе, практикалык көндүмдөр түздөн-түз жумуш ордунда – бул учурда мектептерде калыптанат.

Магистрантар окутуунун теориялык бөлүгүн университеттин аудиторияларында улантуу менен бирге, областтын жана шаардын бир катар орто мектептеринде мугалимдерге жардамчы катары иш алып барышат. Алар сабактарга катышып, окуу материалдарын даярдоого көмөк көрсөтүп, методикалык, усулдук иш-чараларга тартылышат. Бул аркылуу магистранттар педагогикалык чеберчилигин өөрчүтүп, мектеп чөйрөсүндө иш алып баруунун өзгөчөлүктөрүн өз көзү менен көрүп үйрөнүшөт.

Жыйынга кафедра башчы  Г.К.Бакирова, кафедрадан бөлүнгөн илимий жетекчилери, ФББ(КТ)маг-1-25 тайпасынын магистранттары катышышты. Жыйындын соңунда магистранттар дуалдык окутуу процессине активдүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.