1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

97

ТАРЫХЫ БОЛБОЙ ЭЛ БОЛБОЙТ, ТАМЫРЫ БОЛБОЙ ЖЕР БОЛБОЙТ

7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-24 тайпасынын студенттери тарабынан “Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” аталышындагы тарбиялык сааттын негизиндеги тарбиялык-маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты - ата-бабалардын эл, жер жана мамлекет үчүн жасаган баатырдык эмгегин даңктоо, жаш муундардын тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук аң-сезимди, мекенчилдик сезимди жана руханий баалуулуктарды калыптандыруу болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин руханий дөөлөтүнүн туу чокусу болгон “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып, көркөм окууларды тартуулашты. Ошондой эле 1916-жылдагы Үркүн мезгилин чагылдырган сахналык көрүнүштөр коюлуп, ошол доордогу элдин оор турмушу, кайгысы жана эркиндикке умтулуусу чеберчилик менен көрсөтүлдү. Мындан сырткары, студенттер тарабынан патриоттук ырлар, поэтикалык чыгармалар, эсселер окулуп, ар бир чыгармадан ата-журтка болгон сүйүү жана ыйык урмат сезими байкалып турду.

Иш-чарага филология институтунун директору Ч.А.Асылбекова баш болгон топ дагы катышып, студенттердин активдүүлүгүн жана чыгармачылыгын жогору баалашты. Алар мындай иш-чаралар жаштардын руханий жана маданий тарбиясына чоң салым кошорун белгилешти.

Жыйынтыгында катышуучулар ата-бабалардын эл-жерди сактап калуудагы эрдигин эскерип, өткөндүн сабагын унутпоо  келечекке карай туура багыт экенин баса белгилешти. Бул иш-чара студенттерге терең тарыхый сабак болуп, мекенчилдик сезимин бекемдөөгө өбөлгө түздү.